Эртеңден баштап тоолуу аймактарда кар жайт
Бөлүшүү:
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 8-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.
Ошондой эле, 9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар га айланат. Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Андан тышкарыТалас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт .
Ссылка: https://barometr.kg/erteden-bashtap-tooluu-ajmaktarda-kar-zhajt
Добавить комментарий ×