Эртең менен турганда бел эмне үчүн ооруп калат? Адистин жообу

9 февраля 2021 13:48 876 Barometr
Поделиться в:
ok

Белдин оорушун пайда кылган себептер жана бул оорунун жолдору жөнүндө айтып берүүнү туура көрдүк. “Барометр” сиздер үчүн пайдалуу кеңештер топтомун сунуштайт.

Адистердин айтымында, эртең менен белдин оорушу пайда болушу мүмкүн, анткени уйку учурунда омурткада кан айлануу жайлап, гипоксия күчөйт.

"Ошондуктан, биз турганда, эртең мененки оору симптомун жеңишибиз керек - омуртканы жибитип, булчуңдарды жеңилдетип", - дейт дарыгерлер.

Дарыгерлер кээ бир адамдар басканда же спорт менен машыкканда оору күчөп кетиши мүмкүн деп белгиледи. Бул остеохондроздун кайсынысы басымдуулук кылаарынан көз каранды - жүлүн каналынын стенозу же грыжа болгондо ушундай болот.

Көбүнчө, врачтардын айтымында, белдин курч оорусу салмак көтөргөндө пайда болот. Буга байланыштуу дарыгерлер жүктү көтөрөрдөн алдын ала ойлонууга үндөшөт.

“Үй-бүлөдө оор жумуш жасоо үчүн же болбосо курулуш иштери учурунда белди коопсуз кармап турган корсети болушу керек. Ошондо гана сиз омуркаларыныздын саламаттыгын сактап, бел оорусунан алыс боло аласыз”, - деп кеңеш берет адистер.

Мындан тышкары, өзүңүздүн боюңузду түзөп, көзөмөлдөшүңүз керек. Ал үчүн ортопедиялык реклинаторлорду колдонсо болот, алар далыны түз алып жүрүүгө, жумушта бүкүрөйбөй олтурууга жардам берет. Ошондой эле, оорунун алдын алуу үчүн бир күндө бир нече мүнөткө турникке асылып туруу жетиштүү болот.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-menen-turganda-bel-emne-chn-oorup-kalat-adistin-zhoobu



Добавить комментарий