Эртең менен ойгонгондо бет шишип калса эмне кылыш керек? Рецептер бул жерде!
Кечинде уктаарда суюктукту көп колдонуу, күнүмдүк стресс, уйкудан калуу, конокко баргандан кийинки учурлар бетиңиз табактай болуп шишип ойгонгонуусуна себеп болот. Дегеле көпчүлүк адамдар эртең менен беттери шишип ойгонушат. Мындай учурда төмөнкү жөнөкөй үй шартында жасалган маскалар жардамга келет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Картошка маскасы
Чийки картошканы кыргычтан өткөрүп, аны бетке жабасыз, 20 минуттан кийин алып саласыз. Бул дароо эле натыйжа бербесе капа болбоңуз, анын натыйжасы бир сааттан кийин даана билинет.
Бадыраң маскасы
Кыргычтан өткөрүлгөн бир бадыраңды муздак каймакка аралаштырып, бетке коюлат, 20 мүнөттөн кийин жууп саласыз.
Туз маскасы
Мүмкүн болушунча деңиз тузун колдонгон дурус, ал колдо болбосо кадимки ашкана тузу да болот.Бир стакан сууга бир аш кашык тузду эритип, жумшак сүлгүнү аласыз да беттин терисине басып турасыз. Чалкалап 20 мүнөт жатсаңыз жетиштүү. Жууп салгандан кийин милдеттүү түрдө нымдаштыруучу крем менен бетти терисин майлоо керек.
Ссылка: https://barometr.kg/erte-menen-ojgongondo-bet-shiship-kalsa-emne-kylysh-kerek-recepter-bul-zherde
Добавить комментарий ×