Эртең Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин шайлоо болот. Бүгүн жымжырттык күнү

10 июля 2021 09:59 280 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 10-июль саат 08:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоого байланыштуу “жымжыртык күнү” башталганын “Барометр” билдирет.

Бул күнү шайлоого катышууга же катышпоого чакырык таштаган массалык иш-чараларды, үгүттөрдү жүргүзүүгө болбойт.

Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалыматка таянсак, депутаттарды шаардык кеңешке кайра шайлоочулардын саны Бишкекте 617 517 адам, Ош  шаарында 152 718, Токмок шаарында 38 100 адам деп катталды.

Эртең 11-июлда аталган үч шаарда кайрадан шайлоо болот.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-bishkek-osh-zhana-tokmok-shaardyk-keeshterin-shajloo-bolot-bgn-zhymzhyrttyk-kn



Добавить комментарий