Эртең “Ала Тоо” аянтында “Ак калпак күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара өтөт
"Ак калпак күнүнө" карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, Маданият министрлиги “Улуттук намыс” уюму жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте “Ак калпак күнүнө” карата салтанаттуу иш- чара өткөрөт.
Анда улуттук кийимдердин парады болуп, бул күнгө арналган салтанаттуу маданий иш-чара уюштурулат. Иш- чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп, ага ак калпактардын түрлөрү, улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюулат.
Улуттук кийимдердин парады “Ала Тоо” кинотеатрынан башталып, “Ала Тоо” аянтына чейин созулат.
Салтанаттуу иш- чара 4-март күнү саат 10:00дө башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/erte-ala-too-ayantynda-ak-kalpak-knn-karata-saltanattuu-ish-chara-tt
Добавить комментарий ×