Эртең акыркы коңгуроо! Бүтүрүүчүлөргө тыюу салынган эрежелер

24 мая 2019 09:41 1319 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо 25-май күнү болот. Бул боюнча буйрукка Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койгон.

Ал жерде мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө, бүтүрүү кечелерин көңүл ачуу жайларында, кафе, ресторан жана жаратылыш койнунда өткөрүүгө акча каражаттарын чогултууга тыюу салынганы жазылган. Мындан тышкары ата-энелерден акча чогултууга да болбостугу айтылган.

Ал эми ИИМдин маалыматы боюнча, 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп турушат. Ал үчүн 4 миңге жакын милиция кызматкери тартипти сактоо боюнча иштешет.

Кыргызстандын аймагындагы баардык билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш-чаралар аяктагандан кийин, коомдук эс алуу жайларда, парктарда милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана жалпы эле жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш алып барышат.

Белгилүү болгондой  акыркы коңгуроо республиканын 2262 мектебинде өтүп, ага 95 миңден ашуун 9-класстын окуучулары жана 61 миңден ашуун 11-класстын окуучулары катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-akyrky-koguroo-btrchlrg-tyyuu-salyngan-erezheler



Добавить комментарий