Эротикалык тасмалар канчалык зыяндуу?

10 октября 2019 12:19 12935 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул темада компанияда сөз башталганда биздин достор эки тараптуу топко бөлүнүп кетишет. Биз бул суроону ар тараптан карап көрүүгө аракеттенип көрөлү.

1. Жигит менен кыздын ортосундагы жыныстык каалоолорун жогорулатат.

Ар бир индивиддин интимдик жактан активдүүлүгү ар башкача экендиги далилденген, башкача айтканда  сексуалдык темпераменти бири бирине абдан окшогон эки адам жокко эсе.  Эротикалык тасмаларды көрүү айрым түгөйлөргө оң таасирин тийгизиши мүмкүн, бул учурда төшөк мамилесинде муздак болгон түгөйлөрдүн жыныстык каалоолору күчөп, эротикалык тасма муздарын эритиши мүмкүн.

2.Убактылуу алаксуу

Балким сиз түгөйүңүз иш сапарында болсо, же интимдик жактан ден соолугуна байланыштуу алсыз болсо,  түгөйүңүз менен ажырышкан болсоңуз, ойношуңуз жок болсо, жана бир түнгө интимдик каалоңузду канааттандыруу үчүн чоочун кимдир бирөөнү издөөгө дитиңиз барбай жатса анда эротикалык тасмалар сизге түгөй катары татыктуу альтернатива боло алат.  Башкача айтканда эротикалык тасма пайдасын гана тийгизет. Аял кишиге өзгөчө көп убакытка чейин интимдик байланышты токтотуу болбойт, жыныстык байланыштын жок болуусу бир канча оорулардын себеби болушу ыктымал. Интимдик каалоосу ойдогудой болбогон эмес кыздар бат депрессиялык абалга түшүп, жини бат келип урушчаак болуп калышы мүмкүн.   Ошондой эле эркектерге дагы узак убакытка чейин жыныстык катнашты токтотуп жүрө беруугө болбойт- мында сперманын сапаты начарлап, жамбаш органдарында сенектик пайда болуп, простатит, импотенцияга алып келет.   

3.Элестетип дүүлүктүрөт
Доктурлардын көпчүлүгү эротикалык тасмалар интимдик мамилелерге оң гана таасирин берет деп божомолдоп келишет. Түгөйлөр  ошол эротикадагы образдарды элестетишип, ал жөнүндө ойлонуп натыйжасында мындай сексте түгөйлөр активдүү болушуп, эротикалык фантазиялар ишке ашат.  

4.Үй бүлөлүк мамилени кайсы бир деңгээлде чыңайт

Кечинде кез кезде эс алган учурда чогу эротикалык тасмаларды көрүп эс алган  үй бүлө түгөйлөрүдүн мамилелери бекем болгондор жок эмес. Мындай түгөйлөр интимдик жашоолорун ачык айкын талкуулашып, сексуладык ачкачылык дегенди билишпейт. Бири бирине толугу менен ишенич пайда болушу ыктымал. Эротикалык тасма түгөйлөрдү сексуалдык жактан жаңы идеяларга байытып, татыктуу түгөй болу, оргазмга жетуу үчүн интимдик байланыш  учурунда ар түрдүу техникаларды колдонушат. 




Ссылка: https://barometr.kg/erotikalyk-tasmalar-zyyanduubu-zhe-sj-mamilesinde-organizim-chn-pajdasy-barby



Добавить комментарий