Эркин Сопоков Консулдук кызматтан бошотулду

12 ноября 2019 14:47 3067 Barometr
Поделиться в:
ok

Эркин Сопоков Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду.

Мындай жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин 10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында атылып өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити Стамбулда Кыргызстандын дипломатынын унаасында жүргөнү кабарланган.

Эркин Сопоков Алмазбек Атамбаев жетекчилик кылган "Кыргызавтомаш" заводунда айдоочу болуп эмгектенген. Кийинчерээк салык кызматында, Ички иштер министрлигин ар кандай кызматтарында иштеген.

2017-жылдын апрель айында Консулдукка кызматка дайындалган.

Ссылка: https://barometr.kg/erkin-sopokov-konsulduk-kyzmattan-boshotuldu



Добавить комментарий