Эркектин жүрөгүнө ашказан, аялдын жүрөгүнө кулагы менен барган кез өттү. Эмне кылыш керек?

6 мая 2019 16:48 6491 Barometr
Поделиться в:
ok

Жубайыңыз унаасы менен телевизордун сизден артык жакшы көрүп калган учурга жетип калган жоксузбу? Аялыңыз сизди жандуу терминалга айлантып акча чыгара турган булак кылып алган жокпу? Жубайлар мындай учурга жетип калса эмне кылыш керек? Бул суроого barometr.kg жооп издеп психологго кайрылып көрдү.

Төмөндө анын кеңештерине көңүл буруңуз.

Адегенде айымдар үчүн кеңештер

Аялзаты аял боло албаса ал жакшы эмес. Мурдагыдай “эркекке барчу жол ашказанда” деп отура бере турган кез өттү.Учурда мырзалардын көбү жарнаманын таасиринен улам өздөрүнүн “табитин” өзгөрткөн.       

Мындан улам үй чарбасында болобу, төшөк маселесинде болобу жубайлардын ортосундагы “температура” төмөндөп кеткен учурлар жок эмес. Эркеги телевизор менен интернетти карап “зомбиге” айланып, төшөктө “от албай” калып эмне кылам деп сураган айымдар да көп. Бул учурда айымдарга бир нече кеңештер  пайда бере турганын окумуштуулар айтып келишет.

Эркек кишини ар дайым сулуу айымдар кызыктырат, бой келбетке караңыз. Спорт менен машыгып, косметологго барыңыз. Өзүңүздү жактырып турсаңыз, сиздин жубайыңызды кызыктыра аласыз. Чачты узун кылып өстүрүүгө, көйнөк кийүүгө аракет кылыңыз. Үнүңүздү акырын чыгарып сүйлөңүз. Конокко барганда аялдардын арасында ушак сүйлөп отурбай өзгөчөлөнүп отурганга, башкалардын көңүлүн бурдуруп отурганга аракет кылыңыз. Биргелешкен иш-чараларга тойлорго, туулган күндөргө жасанып чыгыңыз. Кылыктанганга үйрөнүңүз. “Жаным” деген жакшы сөздү аябаңыз!

Мырзалар үчүн кеңештер

Мырзалар жагымдуу, таза болгону жакшы. Сюрприз жасай ала турган жигиттер, өзүнө ишенимдүү эркектер кайсы убакта кайсы куракта болбосун айымдарга кызык сезилет. Жубайына романтика тартуулай алган эркектер аны тез сүйдүрүп алат. Ошондуктан эч качан романтик болуудан качпаңыз.

Бийлегенди билбеген эркектер төшөктө да копол болот. Ошондуктан бийлегенди үйрөңүз. Сылык-сыпаа болуңуз. Төшөк мамилесинде аялга гана көңүл коюп жакшы мамиле жасаңыз.Балким бул кеңештер жөнөкөй сезилет, бирок ар бирини жасай берсеңиз жашооңузду жакшы жагына өзгөртө турганы анык.

Ссылка: https://barometr.kg/erkektin-zhrgn-ashkazan-ayaldyn-zhrgn-kulagy-menen-bargan-kez-tt-emne-kylysh-kerek



Добавить комментарий