Эркектин ала жипти аттап жүргөнүн кантип билсе болот?

22 августа 2019 12:51 7638 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар бир эркек бир ирет да болсо башка аялга көз кырын салбай койбойт. Тажрыйбалуу психологдор эркек кишинин башканы ойлой баштаганынын белгилери кандай экенин айтып келишет. Төмөндө barometr.kg алардын топтомун сунуштайт, көз жүгүртүп көрүңүз.   

Акылдуу аял эркектин ала жипти аттай баштаганынын белгилерин дароо сезет. Анткени мырзаларга караганда айымдарда интуиция күчтүү иштейт. Бул үчүн милдеттүү түрдө эле башка бирөөнүн атырынын жытынан шек алуу менен билбейт. Эн биринчи кезекте мырзалар айымдарга көзүнөн билгизип коюшат.

1-белги. Унутуп калуу жана чарчоо  

Жолдошуңуз сиздин туулган күндү, үйлөнгөн күндү эсинен чыгарат. Нике шакегиңерди кайсы бир шылтоо айтуу менен тагынуудан качат. Дайыма чарчадым деп бирге болгондон, төшөк кумарынан качат.

Дегеле аялына карата сексуалдык каалоосунун жоголушу-эркектин ала жипти аттай баштаганынын башкы белгиси. Же болбосо төшөктө эч кандай кызыгы жок калат.

2-белги. Жаңы адаттардын пайда болушу

Эркектин мүнөзүнө карата анын жүрүм-турумунун өзгөрүшү күтүлөт. Мурдагы мүнөзүнүн кескин өзгөрүп кетиши дагы маанилүү белгилердин бири. Белгилей кетчү жагдай анын жүрүм-туруму ичинен, сизге карата мамилесинен өзгөрөт, сыртынан болсо мурдагыдай көрүнүүгө тырышат.

Бул жерден эки реакцияны байкоого болот. Эркек өзүнүн ала жипти аттап жатканына аялын күнөөлүү деп эсептесе ага жини келип, каарып урушуп турат. Ал эми туура эмес жүрүм-турумуна өзү себепчи болсо абдан камкор болуп жаткандай түр көрсөтөт.

3-белги. Бир маалда эле жибектей сонун болуп калуу

Айрым эркектер аялынын көзүнө чөп салып жүргөнүнө өзүн күнөөлүү сезинип ага белек-бечке алып берип калат, ошол эле маалда болор-болбос нерсеге ачууланып өзүн алыс тутат.

4-белги. Ишенбөөчүлүк

Ал телефонуна, почтасына башкача пароль коюп жашынып калат. Мурда телефонун алууга уруксат берсе эми жуунуучу бөлмөгө дагы кошко ала киргенден тартынбай калат.Телефонун сизге калтыруудан качат. Ар бир телефон чалууга тынчы кетип реакция кылганын байкайсыз.

5-белги. Тамашага таарынып...

Аялы-күйөөсү тууралуу тамашаларга же бир аз эле шектеген сөздөргө ыксыз таарынып калат. Кээде өзүнчө ойго батат.

6-белги. Төшөк кумарында жаңычыл боло баштайт. Же болбосо ар бир кыймылыңыздан кыйкым таап жекиргенге өтөт.

7-белги. Унаасын көп көңүл бөлө баштайт

Унаасын жууп тазалап, ага жаңы аксессуарларды тагат. Чыгышасы көбөйүп, “унаам сынып калды ошого баланча сом керек деп аны оңдотуп жүрөм” деп үйгө кеч келет.

8-белги. Имиджин өзгөртөт

Эркектер да жасанып жагымдуу болууну каалашат, жаңы кийимдерди, көйнөк, шымдарды, сааттарды сатып алат. Балким спорт залга же бассейнге жазылат. Жаңы шампунь, керектүү каражаттарды алып, кыз-келиндерге тийишип, көбүрөөк “ачыла” башташы да мүмкүн.

9-белги. Кечкисин кеч келет

Кечкисин ар кайсы шылтоону айтып кармаларын эскертет, бирок эмне азык-түлүк алып келем деп тактайт. Бул анын телефонго кайра кайра чала бербегиле дегени.

Ошентип эркектин сол тарапка кете баштаганын билдире турган психологиялык жүрүм-турумдар көп. Кыраакы аялдар муну дароо байкап жагдайды оңдоонун, абалдан чыгуунун аракетин кыла баштайт.

Ссылка: https://barometr.kg/erkektin-ala-zhipti-attap-zhrgnn-kantip-bilse-bolot



Добавить комментарий