Эркектерге жаккан аялдар кандай болушат?

10 августа 2019 17:03 10310 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Чыныгы аялзаты болуу дагы өзгөчө аракетти талап кыларын баардык эле аялзаты түшүнө бербейт. Алардын айрымдары   жакшы кийинип, жасанып жүрсөм эле чыныгы аял болом деп эсептешет.

Бирок психологдор аялзатын эркектердин көзүнө жагымдуу кыла турган бир катар сапаттар бар деп эсептешет. Төмөндө barometr.kg аларды сизге сунуштайт.

1. Ар дайым позитивдүү болууга аракет кылыңыз, жашоонун ар бир ирмемине шүгүр кылып кубана билиңиз. Бакыт өткөн чакта же келер чакта эмес, бакытты азыркы мүнөттө сезе билүүнүн өзү чоң нерсе. Эркектер позитивдүү кыздарга же айымдарга тартылат.

2. Жаңы нерселерге дайыма даяр болуп, кызыктуу илимдерге умтула билиңиз.

3. Сизге жаккан жигитке дароо кучагыңызды жайбай, өзүңүздүн артыңыздан чуркап анан сизди каратып алгандай кылыңыз. Эркектер табиятынан аңчылык мүнөзгө ээ, оңой олжо аларды эч кызыктырбайт. Алар үчүн жеңишке жетүү дайыма биринчи орунда. Бирок ашыкча кетпей, жигиттин мүмкүнчүлүктөрүн дагы адекваттуу эсептеп чыгыңыз.

4. Жигиттин же жубайыңыздын сизге камкор болушуна кам көрүңүз. Баарын супервумен болуп өзүңүз жасай бербеңиз.

5. Өзүңүзгө караңыз, ар дайым жеген тамагыңызды ылгап, жасанып, келбетиңизге кам көрүңүз. Эркектин көзү менен алганда чыныгы айымдар-бул ички дүйнөсүнүн сулуулугу менен тышкы дүйнөсүнүн сулуулугу айкалышкан айымдар.

6.Жигитиңизди же жубайыңызды ар дайым жакшы иштерге шыктандыра билиңиз.  

7.Үй чарбасын мыкты жүргүзгөндү да үйрөнүп алсаңыз ашыкча болбойт.Бекер жеринен “эркектин сүйүүсү ашказанынан башталат” деп айтылган эмес. Даамдуу тамактарды ал үчүн даярдаганды үйрөнүңүз.

Албетте соңунда сиздин эркек чыныгы ушул сыйдын баарына татыктуу адамбы деген суроо туулат.Аны өзүңүз карап чыгыңыз. Бирок жашыруун бир сыр бар, “чыныгы аялзатына чыныгы эркек келет” деген. Эгер сиз ачылган гүлдөй, таңкы серүүн желдей назик аялзаты болсоңуз, накта мырзага жолугуп калуу мүмкүндүгүңүз көп болот.

Ошондуктан чыныгы аялзаты болууга аракет кылыңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/erkekterge-zhakkan-ayaldar-kandaj-bolushat



Добавить комментарий