Эркектер мүрзөгө барып алып шашлык бышырып жеп, пикник уюштурушкан

20 июня 2019 15:01 9703 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Алмата областынын тургуну көрүстөнгө барып көңүл ачкан адамдарды видеого тартып алган. Бул тууралуу видеону аял Instagram социалдык баракчасындагы  "angry_taldyk" группасына бөлүштү.Ошондой эле ал полицияга бул тууралуу маалымат бергенин кошумчалады.

Аял көрүстөнгө кирчү жерге тосмо орнотуп, өз ыктыяры менен каза тапкандардын жакындарына жардам берип, ал жердеги таштандыларды тазалап иштейт.

Роликтин автору шлагбаумдун механизмин кимдир-бирөөлөр алып таштап, көрүстөнгө кирип барып пикник уюштурушканын жазды.

“Мен алар ким экен деп барсам, көзүң жамандыкты көрбөсүн, эки мүрзөнүн ортосундагы жерге алар шашылык бышырып, каткырып-күлүп отурушкан экен”,-дейт аял.

Полиция бул фактыны каттап, Талдыкорганын полициясы тарабынан кылмыш иши козголду. Баардык шектүүлөр аныкталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/erkekter-mrzg-baryp-alyp-shashlyk-byshyryp-zhep-piknik-uyushturushkan



Добавить комментарий