Эркектер үчүн “MNTDC” деп аталган бойго бүтүрбөөчү каражат чыгарылды

27 марта 2019 15:38 2086 Barometr
Поделиться в:
ok

Көп жылдардан бери окумушуулар эркектер үчүн коопсуз жана натыйжалуу, ошол эле маалда өнөктөшүн кош бойлуу кылбай турган таблетка жасоонун үстүндө иштеп келишкен. Акыры аны жасап чыгышты. Жаңы дарынын түрү коомго пайдалуу болот деп эсептешүүдө. Бул тууралуу kratkо.com.булагы кабарлады.

Бул аптада америкалык окумуштуулар ичүүгө боло турган 11-бета-MNTDC препаратын клиникалык сыноодон өткөрүп бүтүштү.

“Биздин жыйынтык көрсөткөндөй аталган таблетка өзүнүн натыйжалуу экенин далилдеди”,-деп билдирди Лос-Анджелестеги биомедициналдык изилдөө институтунун биолог-репродуктологу Кристина Ванг.

11-бета-MNTDC препараты тестостерондун прогестаген жана андроген менен модификацияланган түрү болуп саналат. 

Дарыгер изилдөөнүн жыйынтыктарын жекшемби күнү Жаңы Орлеандадагы Эндокринндик коомдун жыл сайын өтүүчү жыйынында тааныштырды.

Ссылка: https://barometr.kg/erkekter-chn-mntdc-dep-atalgan-bojgo-btrbch-karazhat-chygaryldy



Добавить комментарий