Эркексиз өмүр сүргөн британиялык аял 106 жашка чыкты

31 мая 2018 02:30 2671 Barometr
Поделиться в:
ok

106 жашка чыккан кемпир Мэдлин Дай өзүнүн узак жашоосунун сыры - эркек адамдар менен катнаш түзбөгөндүгү менен байланыштырат, дейт Дни.Ру. Британиянын Шиффилд шаарчасынын бул тургунунун баамында, турмуштагы стресс абалга калуунун себеби эркектерде. Ошондуктан, бул аял эркек кишилер менен жакындашуудан оолак болуп, эч качан кыз-жигит мамилесинде болгон эмес.

Көп жашка чыккан бул аялдын сүйүктүү фразасы “Мен эч качан жигит күткөн эмесмин, ошондуктан көп жашап жатам”.

106 жаштагы аял 103 жашка келгенге чейин жалгыз жашаган, кийинки жылдары карылыктан улам жардамчы менен жан сактоого мажбур болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/erkeksiz-mr-srgn-britaniyalyk-ayal-106-zhashka-chykty



Добавить комментарий