Эркек реанимацияда жатканда бейтааныш кыз байлыгын ээлеш үчүн ага күйөөгө чыкты

14 июня 2019 17:23 13836 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Кемеровская областынын Таштагол шаардык соту Жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн кызматкери менен шашылыш түрдө күйөөгө чыккан анын курбу кызын соттоп жатат. Бул тууралуу bigpicture.ru кабарлады.

Сотто берилген маалыматтарга таянсак, 2017-жылы Таштагол шаарынын тургуну өзүнүн Жарандык актыларды каттоо бөлүмүндө иштеген дос кызына эс-учун билбей жаткан чала тааныш эркек менен никеге тургузууга жардам берүүнү сурап кайрылган. Бактысыз күйөө ошол учурда Новокузнецк ооруканасында атылган октон жаракат алып реанимация бөлүмүндө жаткан экен жана ал кызга үйлөнүүгө эч кандай макулдук берген эмес.

Эки курбу кыз шашылыш документ жасап бул афераны ишке ашырышкан.

Жасалма “үйлөнгөндүн” эртеси жигит каза тапкан, ал эми “жесир аял” анын болгон байлыгын ээлеп калган.Жигиттин бир топ мүлкү, байлыгы болгон.   

Андан тышкары кыз бир күн да жашабаган күйөөсүнүн өлүмү боюнча кылмыш ишинде моралдык чыгым катары жигитти атып кеткен тараптан 100 миң рубль өндүргөн.

Бирок анын курбусу экөөнүн аферасы акыры билинип, эми сот алдында жооп берип жатышат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-reanimaciyada-es-uchun-bilbej-zhatkanda-kyz-bajlygyn-eelesh-chn-aga-kjg-chykty



Добавить комментарий