Эркек киши көзү жашыл болуп күйгөн, канаттары бар түрү суук жандыкты көргөнүн кабарлады
Вудстоктун Иллинойс штатын тургуну 911 жардам көрсөтүү номуруна абдан коркуп калган абалда бою 2 метрге чейин жеткен демон сыяктуу түшүнүксүз бир нерсени көргөнүн айтып байланышка чыккан. Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-февралында катталган. Белгисиз жандык аталган штаттагы супер маркеттин айланасында айланып жүргөн, качан гана адамдын көрүп калганын байкаганда абдан коркунучтуу кыйкыра баштаган. Кийинчерээк белгисиз жандыкты бир нече адамдар көргөндүгү маалым болгон.
Монстр ошол жердеги күбөлөргө кыйкыргандан кийин тосмолор тарапка качып кеткен. Жарандар анын канаттары бар экенин жана көздөрү жашыл болуп күйүп турганын айтышууда. Ал эми денеси толугу менен кара түстө болгон.
Бул окуяга чейин, 22-февраль күнү да аталган аймакка жакын жерден дагы монстр сыяктуу жандык көрүнгөнүн айтып жарандар кайрылышкан. Бул сыяктуу көрүмчүлөр америкалыктардын көзүнө эмне үчүн көрүнүп жатканын окумуштуулар дагы деле аныктап чыгыша элек.
Демон сыяктуу жандык салтка айлангандай түндө элдин көзүнө көрүнөт. Ал тууралуу телефон чалуу эң алгач 2017-жылы түшкөнү айтылууда.
Добавить комментарий ×