Эркек киши бетиндеги безеткини сыга койом деп оор абалда реанимацияга жатып калды

14 января 2021 09:36 3642 Barometr
Поделиться в:
ok

Ээгиндеги безеткини сыгып коюу Кытайдын Цзянсу провинциясынын тургунуна өпкө оорусун пайда кылды. Бул тууралуу Daily Mail гезитине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, эркек киши терисиндеги безетки чыккан жерди сыгып ириңин чыгаргандан  кийин, өзүн жаман сезип, дем алуусу начарлай баштаган. Анын температурасы көтөрүлүп, оозу шишип, кызарып кеткен, ошондуктан корккон аялы шашылыш түрдө күйөөсүн ооруканага алып барган.

"Анын ээгинде безетки чыгып кетиптир болчу. Мен аны сыгып албагыла дегем. Иш ушунчалык олуттуу болот деп ким ойлоптур", - деди Чендин аялы.

Дарыгерлер адамды текшергенден кийин, ал ириңдеги инфекцияны организмге киргизип алган деген тыянакка келишкен. Бул өз кезегинде ооз көңдөйүнүн сезгенүүсүнө алып келип, эки тараптуу пневмонияга өтүп кеткен. Бейтаптын абалы өтө оор деп бааланган, адистер аны реанимацияга жаткырып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырууну чечишкен.

"Чен адам үчүн опурталдуу үч бурчтугундагы безеткилерди сыгып алган, ал мурундун учунан эриндин эки жагына чейин созулган жерлер. Теринин бул бөлүгү үйдөгү мындай косметикалык процедуралар үчүн эң коркунучтуу", - деп түшүндүрдү Чендин дарыгери.

Чен бир айлык интенсивдүү дарылануудан өткөн. Учурда анын абалы туруктуу, бирок ал ооруканадан дагы деле чыга элек.  

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-kishi-betindegi-bezetkini-syga-kojom-dep-oor-abalda-reanimaciyaga-zhatyp-kaldy



Добавить комментарий