Эркек киши беш жаштагы баласынын колун байлап сабаган

7 мая 2019 09:34 8222 Barometr
Поделиться в:
ok

Алай райондук соту М.М. аттуу жаранга карата чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

9-февралда болжол менен саат 10:00дө ал беш жаштагы баласын сабап салган.

Баланын атасынын айтымында, 5 жаштагы уулу бешикте жаткан карындашын кулатып жиберген. Ал баланын колдорун байлап коюп сабаган. Бул учурда ошол жерден өтүп бара жаткан социалдык кызматкерлер аны көрүп калышкан жана милиция чакырышкан.

Эркек кишиге 30 миң сом айып салынды.

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-kishi-besh-zhashtagy-balasynyn-kolun-bajlap-sabagan



Добавить комментарий