Эриндеги учуктан кантип арылабыз?
Учук эринге чыкканда жагымсыз сезим тартуулайт. Учуктун башка аталышы “герпес” грек тилинен келип чыккан.
Учук эринге чыккан жара дагы, безетки дагы эмес. Ал адамдын инфекция же сасык тумоо жуктуруп алуусунун натыйжасы. Герпес вирусу адам организмине өтө узак сакталуусу мүмкүн, кээ бирөөлөрге андан толук арылуу үчүн жылдар керек. Бул жерде маанилүү фактор-иммунитет. Учук адамдын иммунитети алсыз болгон кезде пайда болот. Ал ооруп, кычышып, жагымсыз сезим тартуулайт.
Учук-жугуштуу инфекция. Ошол себептен дарыгерлер учук чыккан адамга абай болуусуна кеңеш беришет. Бир идишти, сүлгүнү колдонууга, кучакташууга жана өпкөнгө болбойт.
Учук бир жума ичинде айыгышы керек. Заманбап медицина сунуштаган дарылар менен гельдер учукту тез аранын ичинде кетире алат, бирок анын инфекциясы организмде калып калат. Герпес вирусу көп учурда толугу менен кетпейт. Ошондуктан аны менен бир жолу ооругандар узак жылдар бою анын зыянын тартышы мүмкүн.
Учуктан кантип арылса болот?
Биринчи колго алыш керек болгон нерсе – иммунитетти көтөрүү. Витаминдер менен минералдарга бай, пайдалуу тамак ичиңиз, витаминдер топтомун кабыл алыңыз. Организмден улуу заттарды чыгаруунун бирден –бир ыкмасы – спорт менен машыгуу.
Учуктун өзүнө ромашканын кайнатмасына малынган кебез коюп дарыласа болот. Ошондой эле жалбыз, женьшень кайнатмаларын ичиңиз.
Учуктун өзүнө тиш пастасын сүйкөп же пияз менен сүртүп туруш керек деген да кеңештер айтылып келет. Бирок алардын таасири медицина тарабынан далилденген эмес. Ошондуктан дарыканадан атайы учук үчүн дарыларды алган оң.
Ссылка: https://barometr.kg/erindegi-uchuktan-kantip-arylabyz
Добавить комментарий ×