Ереванда 130 журналист ЕАЭБдин өкмөт башчыларын кантип күтүп жатат?
Бүгүн, 30-апрелде Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү күтүлүүдө. Бул тууралуу Baromet.kg.нин саясий баяндамачысы окуя болгон жерден маалымдайт.
ЕАЭБдин жыйына катышуу үчүн Ереванга Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жана Белорусиянын өкмөт башчылары келишкен.
Иш-чара Карен Демирчян спорт-концерттик комплексинде уюштурулган.
Учурда беш өлкөдөн келген 130 журналист, анын ичинде Армениянын журналисттери премьер-министрлер менен делегация мүчөлөрүн күтүп жатат.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12. 30да ( Бишкек убактысы боюнча саат 2де) өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңейтилген курамда өткөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/erevanda-130-zhurnalist-eaebdin-kmt-bashchylaryn-kantip-ktp-zhatat
Добавить комментарий ×