Кырдаал турукташса коомдук транспорттор жана мектептер толук кандуу иштей баштайт
Поделиться в:
Эпидемиологиялык абал жакшырса мектептер толук кандуу иштейт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
"Эгерде биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, анда мектептер ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке ашыра алат”, - деп билдирди Премьер-министр Кубатбек Боронов. Ал ошондой эле окуу жылынын башталышы менен коомдук унаанын иштөө графиги кайра каралып чыгарыларын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/epid-abal-zhakshyrsa-koomduk-transport-zhana-mektep-kajra-ishtejt
Добавить комментарий ×