Министр электр энергиясы канча сомго чейин кымбаттаарын түшүндүрдү
Бүгүн, 22-апрелде Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, электр энергиясына болгон жаңы тарифтердин көлөмү боюнча түшүндүрмө берүүдө.
Маалымат жыйында, министр тарифтердин баасын түшүндүрүп берди.
"Азыркы сунушталган тарифтик саясат сөзсүз түрдө коомдук талкууга алынат. Тарифтердин баасы бүгүнкү күндөн баштап, август айына чейин коомдук талкууга коюлат. Ар бир жарандын сунушу, көз карашы эске алынат.
Мурунку тарифтин кемчилиги, ар бир жаранга социалдык тарифтин колдонулушу. Биздин оюбузча, тарифтик саясат калыс чечилиши керек. Социалдык тарифке муктаж болбогон үй-бүлөлөр экономикалык баа менен төлөшү керек.
Ушуга байланыштуу үч категория пайда болду:
1-котегория аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 110 миңге барабар. Ошол, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, чыныгы муктаждарга 74 тыйындан электр энергиясы үчүн төлөшөт;
2-категория бул алыскы, тоолуу райондордо жашагандар (климаттык шарты оор) 187 миңге барабар. Бул оор климаттык шартта жашаган аймактын жашоочуларына электр энергиясынын баасы 1 сом 04 тыйын болмокчу;
Ал эми, 3-категория социалдык тарифке муктаж болбогон жарандар. Алар электр энергисы үчүн 1 сом 48 тыйындан төлөшөт. Бирок, кышкы мезгилде убактылуу механизим катары экинчи тепкич киргизилет. Тактап айтсам, электр энергиясын колдонуу 1000 кВт сааттан ашса, анда экинчи тепкич менен төлөө башталат. Бул убактылуу суунун тартыштыгына байланыштуу болмокчу. Экинчи тепкичтеги тарифтин баасы 2 сом 29 тыйын болмокчу.
Өндүрүш жана айыл чарба тармагындагыларга 2 сом 38 тыйын болот.
Мындай өзгөртүүлөр азыркы социалдык абалды эске алып эсептелинди.
Буга 2020-жылдын энергетикалык компаниялардын чыгашасы, импорттун чыгымдары, ЖЭБде жагылган отундун чыгымдары, карыздын негизги көлөмү кирди. Бул баалар гидроэлектростанциянын өздүк наркы менен эсептелди", - деди министр.
Добавить комментарий ×