Эмне үчүн жолуңуз болбой жатат? Күзгү мыйзамы менен караңыз!
Жашоонун көптөгөн сизге билинбеген, бирок иштей берген мыйзамдары бар. “Мыйзамды билбей калуу-жазадан куткарбайт” деген эң чоң эреже дагы бар эмеспи. Адамдарга сезилбей бирок бекем иштеген “күзгү мыйзамы” тууралуу биоэнергетиктер белгилеп келишет. Бул эмне болгон мыйзам? Бүгүн barometr.kg бул тууралуу токтолмокчу.
Күзгү мыйзамы кандай иштейт?
Күзгүдөн кийимиңизди, келбетиңизди карайсыз. Бирок жашоодо маселе келип чыкса сиз күзгүнү карагандын ордуна күнөөлүүлөрдү издейсиз.
Байыркы акылмандар айткандай “жашоо сизге тоскоолдуктарды жөнөтүп жатса-ал сизге туура жолду көрсөтүүгө аракет кылып жатат”. Башка адамдар окуялар аркылуу сиздин ичиңизде болуп жаткан нерселерди чагылдырууда. Муну түшүнүүгө кыйын бирок аракет кылып көрүңүз.
Башка бирөөнүн көзүндөгү чөптү көрүү
Эгерде башка адамдар сизди кыжырдантып жатса анын дал ошол кыжырданткан мүнөзү сизде бар болушу толук ыктымал. Болгону аларды сиз кашкайып эле так кесе көргүңүз келбей жатат же мойнуңузга алгыңыз келбейт. Ичи тардык, көрө албастык, амалкөйлүк, ач көздүк, макоолук мунун баарын жаман көрөсүзбү? Сизге жашоо ушундай адамдарды алып келип жатабы? Демек жашоо ал мүнөздөрүңдүн үстүндө иштеп бакытка, гармонияга жетсин деп жатат дешет энергетиктер. Демек өзүңүздүн ички күзгүңүздү жакшылап карап көрүңүз. Жок мен андай эмесмин деп айтарыңыз сөссүз. Макул сизде бул мүнөздөрдүн бири да жок, чыныгы ак жүрөк жашкы адамсыз дейли. Андай болсо эмнеге сизге жалаң алдамчы адамдар кабылып жатат? Эмнеге кошунаңызга же башкаларга кабылбайт. Бул жерде күзгү мыйзамынын экинчи бөлүгү иштеп жатат. Тактап айтканда,сиз жашоодон эмнени көргүңүз келсе ошону гана көрүп жатасыз. Эгерде дайыма алдамчылар менен жалган сүйлөгөндөргө кабылып жатсаңыз анда сиз “эч кимге ишенбеш керек!” деген программа менен жашайсыз. Жашоо болсо сизге аны кайра-кайра көрсөтүп тастыктап берип жатат.
Бирдин жумушта дайыма маршруткага түшкөндө кыжырдана берген бир аял иштейт эле. Ага дайыма кичүүлөр сый көрсөтүп орун бошотуп бербей жатканын айтып, ал тургай сагыз чайнап кулагынын түбүнө туруп алып ачуусуна тийип, бутун дайыма эле тебелеп кетип, ага ачууланып коомдук транспортто уруш-талаш чыгара берер эле. “Азыркы жаштар улууну сыйлабайт” деп кеп баштап жашоосуна нааразы боло берчү. Ошол эле маалда өзү да улууларды такыр сыйлачу эмес. Башка бир аял ошол эле маршруткаларда дайыма жайдары күлкүлүү окуяларга кабылып келчү. Анан ал көргөн тамашаларын кесиптештерине айтып берип күлдүрүп отурчу. Чындыгында ал аял мээримдүү жана тамашакөй аял эле.
Ошентип жашоо сиздин микро дүйнөңүздө, микро ааламыңызда сиздин гана күткөн нерсени чагылдырып, сизде гана болгон сапаттарды элден көрсөтүп, алар менен жолуктуруп, баарлаштырып күзгү сыяктуу берип турат.
Күзгү мыйзамынын мааниси ушул. Өз ааламыңызды жакшы жагына өзгөртүү сиздин гана колуңузда!
Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-zholuuz-bolboj-zhatat-kzg-myjzamy-menen-karayz
Добавить комментарий ×