Эмне үчүн ноутбук менен жатып алып иштегенге болбойт? Адистин жообу

25 ноября 2020 16:27 1070 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын "СМ-Клиникасынын" офтальмологу Арпине Адамян жатып алып ноутбук менен иштөө жана китеп окуу эмне үчүн кооптуу экендигин айтты. Бул тууралуу дарыгердин "Прайм" агенттигине берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мындай абал ден-соолукка кооптуу дейт дарыгер.

"Бул абалда ноутбукту көзгө ылайыктуу кылып оңдоо кыйынга турат. Ошондой эле, мындай абал учурунда омурткага, моюн, арткы булчуңдарга, ошондой эле мээнин тамырларына узак, оор жүк түшөт", - деп түшүндүрөт ал.

Биз чоңдор жөнүндө гана эмес, балдар жана өспүрүмдөр жөнүндө да сөз кылабыз, алардын көпчүлүгү учурда онлайн билим алууда. Дарыгер кошумчалагандай, көздүн узак мөөнөттөгү стрессти “миопия” жана башка көз ооруларынын пайда болушуна алып келет.

"Чоңдордо дагы, балдарда дагы астенопиялык оору пайда болушу мүмүкүн. Бул көйгөйгө чалдыкканда узак убакытка чейин баш оору, баш айлануу, алыскы жана жакынкы аралыкта көрүүнүн начарлашы мүмкүн. Бул олтуруп компьютерде иштеген кеңсе кызматкерлеринин жалпы көйгөйлөрүнүн бири" - дейт Адамян.

Адистин айтымында, компьютерде иштөөдөн ар бир 20-30 мүнөт сайын тыныгуу алып туруу керек, бул учурда алаксып, туруп, басуу сунушталат.

Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-noutbuk-menen-zhatyp-alyp-ishtegenge-bolboj-adistin-zhoobu



Добавить комментарий