Эмне үчүн мандаринди ач карын жебеш керек

27 июня 2022 09:09 3176 Barometr
Поделиться в:
ok

Медиктер эмне себептен мандаринди көп пайдалануу коркунучтуу экенин түшүндүрүп берешти. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Бул жемиштин курамында иммунндук системаны чыңдай турган көптөгөн пайдалуу элементтер бар экени талашсыз. Мындага элементтер көңүлдү көтөрүп, фигура үчүн коркунучсуз. Бирок, мандаринди суткалык нормасынан ашыкча пайдалануу пайдасынан дагы зыяны көбүрөөк болот. 

Дарыгерлердин айтуусу боюнча мандарин жана ушул сыяктуу цитрус жемиштерин пайдалануу суткасына (1 даана стандарт тоголок) төрттөн ашык эмес өлчөмдө нормага туура келет. 

Мүмкүн болсо мандаринди эртең мененки убактарда, же түштө саат 17-00 гө чейин курсакты тойгузуп алып пайдалануу талапка ылайык. 

Эч качан ач карын мандарин жебеңиз. 

Мисалга: мандарин күчтүү аллергендердин санын толуктайт. Ал ичти көптүрүп, хроникалык ичеги карын ооруларын козгоп, курчутуп ийиши мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-mandarindi-ach-karyn-zhebesh-kerek



Добавить комментарий