Эмне үчүн күмүш жасалгалар карарып кетет?

30 декабря 2021 10:10 2937 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул металл бактерияга каршы күчкө ээ. Ошондуктан ашкана буюмдарында аны көп колдонсо ден соолукка пайда алып келет деп коюшат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет 

Ал эми аялдар жасалга катары тагынган учурда  күмүштөн жасалган зер буюмдар жөндөн-жөн эле карарып кеткен учурлар бар. Аны канчалык тазалаганга аракет кылсаңыз да натыйжа бербейт.

Эл оозунда “күмүш карарып кетсе кара дуба жасалган” деген кеп бар. Кээде дайыма тагынып жүрбөгөн деле күмүш буюмдар карарып кетет. Ошондуктан тынчсызданбай буга илимий түшүндүрмө бар экенине көз жүгүртүңүз.

Көпчүлүк күмүш буюмдарга кошумча катары жез кошулат, ал нымдын жана таза абанын таасири менен кычкылданат. Ошондуктан күмүштө так пайда болушу ыктымал. Албетте бул тактын пайда болуу ылдамдыгы ар кандай, ал сууга тийген учурдан, климаттын өзгөрүшүнөн, абанын нымдуулугунан көз каранды.

Жасалганын сырткы көрүнүшүнө организмдеги процесстер дагы таасир берет.

Көкүрөк тушка тагылган күмүш кулон терден улам карарышы толук ыктымал.

Ошондой эле гармоналдык тең салмак бузулганда дагы күмүш буюмдар карарат. Бир аз мурда катуу стресске кабылган жоксузбу, курамында күкүрт бар жаңы дары кабыл алган эмессизби, интенсивдуү түрдө  дене көнүгүүлөрүн жасаган эмессизби эске алыңыз.

Ошондой эле күмүштүн карарып кетиши же тескерисинче агара башташы бөйрөк жана нерв системасында оорулардын пайда болушу менен түшүндүрүлөт.

Кээ бир гана жасалгаларыңыз карарып мисалы сөйкө, ал эми шакегиңиз жөн эле турса эндокриндик системада үзгүлтүк болуп жатканынан кабар берет.

Эгерде күмүш буюмдар кара түстө болуусун уланта берсе дарыгерге кайрылып организмди толук бойдон текшерип чыгуу керек.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-kmsh-zhasalgalar-kararyp-ketet



Добавить комментарий