Эмилбек Каптагаев: Атамбаевди виртуалдык дүйнөгө жайгаштырып коюшкан
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында болуп жаткан жагдайлар боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазды.
“Атамбаев Фарид Ниязов айткан жана 2017-жылга чейин өзүнүн “командасы” ишендирген “бүткүл элдик колдоо жана ишеним” деген жомоктон чыга албай жаткан көрүнөт.
Айланасындагылар Атамбаевди эл аны колдойт жана тигил же бул темада сүйлөсө эле баары ачык болуп калат деп ишендиришкен окшойт. Дал ошондуктан Атамбаев басма сөз кызматы же жардамчылары эле жооп бере турган маселелерге жөндүү, жөнсүз эле чыгып сүйлөп жатат. Атамбаевге “кыргыз тилиндеги гезиттерди окубаңыз, аларды эч ким окубайт дешкен жана саясатчылар менен бейөкмөтчүлөрдү укпаңыз алар калп айтышып, баарын каралай берет” дешкен. Атамбаевди жалгыз Акипресс маалымат агенттиги аныктаган жана ал жактан комментарийлерди тыкыр карап турушкан. Ушундай жол менен аны кандайдыр бир виртуалдык дүйнөгө жайгаштырып коюшкан. Атамбаев ал жакта жашап, “мени элдин баары жакшы көрөт” деп ойлоп алган. Эми мына жыйынтыгын көрүп жатасыздар. Ал айланасында эмне болуп жатканын таптакыр түшүнбөй турат, аны миңдеген эл дарабазанын алында келип колдобосу тууралуу, эл кабыл албоосу тууралуу факты менен элдеше албай жатат. Кимдир-бирөө ага баары бир муну айтыш керек”,-деп жазды Эмил Каптагаев.
Ссылка: https://barometr.kg/emilbek-kaptagaev-atambaevdi-virtualdyk-djng-zhajgashtyryp-koyushkan
Добавить комментарий ×