Эмил Эсеналиевдин 1 миллион 180 миң сом карызы барбы?

13 августа 2019 17:52 15159 Barometr
Поделиться в:
ok

Тамашоучу, блогер, актёр, көпчүлүккө “Чала спортик” каймана аты менен таанымал болгон Эмил Эсеналиев туң уулунун туулган күнү менен куттуктады. Ал уулу төрөлө электеги өзүнүн жашоосундагы катачылгы жана ал каталарын өңдоп, жеңиштерге жетишип келе жатканын өзгөчө кылып инстаграм баракчасына жарыялады.

Балам, төрөлгөн күнүң менен Каражаным
Дал ушул күнү апаң мага сени белек кылган. Мени жакын тааныгандар билет. Сен төрөлгүчө атаң өтө тентек, өтө акылсыз, ичкиликти катыра ичип, чеккиликти катыра чегип, 1 миллион 180 мин сом карызы бар, бир башкача жашачу. Уялганда эмне? Ошондой эле болчумун. Бирок мына сен жарык дуйнөгө келгенде мен ойлондум «Эгер мен ушинтип жүрө берсем, балам кандай болот? Эмне кылат? Ал да мендей болобу?»-деп өзүмө өзүм суроо бердим. Жок мен баардык зыян нерсени таштайм дедим, кийин ушу балам жер карабасын деп баардык жаман адаттарымды таштап, карыздарымды бүтүрүп бир кичинекей ийгиликке жеттим. Чоң атаң мени эч нерседен кем кылган эмес, колунан келгенин алып берген. Анан кантип сендей өз каныман жаралган баламды мен бир нерседен кем кылайын?
Менин жашоомдогу ар бир секундда оюман сен кетпейсиң. Өмүрлүү бол! Кыргыздын керегине жарачы, Уулум!
Азыр алыста болсом да атаң ар дайым жаныңда.
Катын Бэйбим менин сен мыкты инсансын! Ушунунан жазба! Үйүмдөгүлөрдүн сыйындасың, ошоңдон кетпе! Экинчисине да буюруса аз калды. Аман эсен көз жарып ал, бүткөндөн кийин чалып кой убакыт болуп калса.
Урматтуу жаш уй бүлөлөр, азыр эгер башынарда бир аз кыйынчылык турса эч кейибегиле! Баары болот, баары отот эгер экоон бири бириңди колдоп, ынтымактуу болсоңор!
Жумабеков Хамза Эмилбекович, мен сени жакшы көрөм Балам!
Апаңдай акыл эстүү бол! Атандай чечкиндүү бол! –деп окурмандарынын жүрөгүн элжиретти.

Ссылка: https://barometr.kg/emil-esenalievdin-1-million-180-mi-som-karyzy-bar



Добавить комментарий