Эми күркөлөрдүн мыйзамдуулугу автоматтык түрдө текшерилет

23 июня 2020 14:52 1301 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги объектилер толугу менен инвентаризациядан өткөрүлүүдө. Анын алкагында ижарага берилген 17 267 объект текшерилип, 4 247 ар кандай мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күркөлөрдүн мыйзамдуу орнотулганы атайын тиркеме аркылуу аныкталат. Аны менен катар коррупциялык иш-аракеттерди жоюга мүмкүн болот.

"Жыл башынан бери Бишкек шаарындагы объектилер толугу менен инвентаризациядан өткөрүлүүдө. Ижарага берилген 17 267 объект текшерилип, 4 247синен ар кандай мыйзам бузуулар аныкталган. Натыйжада текшерилген объектилердин сүрөтү, көлөмү, ижарага качан берилгени жана башка бардык маалыматтары атайын базага киргизилген. Эми шаарыбыздын тургундарына электрондук түрдө маалыматтарды көрсөтө алабыз. Ал үчүн тургундар кайсы бир объект тууралуу маалыматты сурап, кайрылуу жасашы керек. Бул нерсе инспекторлорго дагы жеңилдик берип жатат. Анткени буга чейин кайсы бир күркөнүн мыйзамсыз орнотулганын билиш үчүн башка кызматтарга сурам жөнөтүп көп убакыт кетчү. Эми автоматтык түрдө текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деди Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу.




Ссылка: https://barometr.kg/emi-krklrdn-myjzamduulugu-avtomattyk-trd-teksherilet



Добавить комментарий