Эми Бишкекте дары-дармек менен керектүү товарларды ташыган унаалар блокпосттордон тоскоолдуксуз өтөт

3 апреля 2020 12:26 1661 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте дары-дармек менен керектүү товарларды ташыган унаалар блокпосттордон тоскоолдуксуз өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

“Дары-дармектерди жана социалдык маанилүү товарларды ташыган жүк ташуучу унаалардын өтмө кагаздарын жокко чыгаруу жана алардын санитардык-карантиндик посттор аркылуу тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу чечими кабыл алынды”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын четине жана ичине коюлган блокпосттордон өтө албай калган айрым кызматкерлердин айынан борбор калаадагы ун чыгарган эки завод ишин токтотууга аргасыз болгон. Себеби, ундун чыгышын жана аны кампаларга жайгаштыруу иштерине жооп берген кызматкерлер жумушка жете албай калган.

Ссылка: https://barometr.kg/emi-bishkekte-dary-darmek-menen-kerekt-tovarlardy-tashygan-unaalar-blokposttordon-toskoolduksuz-tt



Добавить комментарий