Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин дагы бир орун басары Жылдыз Полотова кызматынан кетти

13 октября 2018 18:20 2038 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Полотова Жылдыз Арстанбековна Кыргыз республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева министр айымдардын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, адистерге деп келген чет өлкөгө чыгуу окууларына өздөрү чыгып, ал тургай үй-бүлөсүн кошо алып жүргөндүгү тууралуу маалымат таратып, бул боюнча иликтөө иштери жүргөн. Башкы прокуратура министр айымдын жана анын орун басарларынын дипломатиялык паспортторду өз кызыкчылыктарына пайдаланып жүргөндөрүн аныктаган. Мындан улам, 11-октябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова кызматынан бошотулган. Ага чейин Сеулдун аэропортунда жаңжал чыгарган Зууракан Каденова министрдин орун басары кызматынан алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/emgek-zhana-socialdyk-nktr-ministrinin-dagy-bir-orun-basary-zhyldyz-polotova-kyzmatynan-ketti



Добавить комментарий