Жол кырсыгынан каза болгон дарыгерге эмгек сиңирген врач наамы ыйгарылды
Нарында жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөлүк дарыгер Мааданбекова Гүлжан Билаловнага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 29-декабрда КР Саламаттык сактоо министрлигинде болуп өттү.
Нарын шаарынын калкын медициналык тейлөөдө үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси, үй-бүлөлүк дарыгер Мааданбекова Гүлжан Билаловнага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” наамы ыйгарылды.
Тилекке каршы, КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жогорку наамды Гүлжан Мааданбекованын уулу Элдияр Мидиновго тапшырууга аргасыз болду.
“Каргашалуу жол кырсыгынан улам апабызды жоготуп алдык. Медицина тармагына 33 жыл өмүрүн арнап, пандемияда талыкпай иштеп, колу жеңил дарыгер болчу. Үйдө мээримдүү эне. Мени жана карындашымы чоңойтту, бойго жеткирди. Биз апабыз менен сыймыктанабыз”, - дейт жогорку наамдын ээси Гүлжан Мааданбекованын уулу Элдияр Мидинов.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин эмгек жамааты Гүлжан Мааданбекованын жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтып, алган “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” наамы менен куттуктайт.
Ссылка: https://barometr.kg/emgek-siirgen-daryger-kyrgyz-medicinasynyn-syjmygy
Добавить комментарий ×