Эмгек сиңирген артист, "Эл шайырлар" тобунун обончу, ырчысы Дүйшөнбек Үкүев каза болду

17 декабрь 2018 11:56 1141 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген артисти, Кыргыз Улуттук Филармониясынын "Эл шайырлар" тобунда ырдап келген  ырчы, обончу Дүйшөнбек Үкүев каза болду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери кабарлады.

Дүйшөнбек Үкүев көптөн бери  оору менен алышып, ооруканага бир айга жакын жаткан. Кечээ 16-декабрда кечинде кайтыш болгон.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең 18-декабрда кичи мекени Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылына болмокчу. 

Ссылка: https://barometr.kg/emgek-siirgen-artist-el-shajyrlar-tobunun-obonchu-yrchysy-djshnbek-kev-kaza-boldu



Добавить комментарий