Эмгек мигранттары Кыргызстанга 1,5 млрд доллар которушту
Поделиться в:
Январь айынан июль айына чейинки аралыкта Кыргызстанга эмгек мигранттары 1 миллиард 494,7 миллион доллар которушту. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Бул акча которуу системалары аркылуу которгон жеке тараптардын гана эсеби.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкөгө 1 миллиард 226,9 миллион доллар которулган болчу.
Жылдын башында айрым шериктеш мамлекеттер пандемиядан улам чектөө киргизгендиктен Кыргызстанга которулган каражат азайган, бирок июнь жана июль айларында ал кайрадан жогорулап, мурдагы жылдардагы көрсөткүчтөргө жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/emgek-migranttary-kyrgyzstanga-15-mlrd-dollar-kotorushtu
Добавить комментарий ×