Эльвира Сурабалдиева: Жасалма баалардын көтөрүлүшүнө жол бербеш керек (сүрөт)
Вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева өкмөткө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун коронавируска чалдыккандарды дарылоого зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын запасын уюштуруу боюнча иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
«Кагаз жүзүндө баары жакшы, ал эми иш жүзүндө абал башкача болду. Коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн бекитилген №4-протоколго ылайык дары-дармек каражаттарынын тизими боюнча запастар менен жекече таанышууну туура көрдүм», - деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.
Вице-премьер-министр белгилегендей, учурда өлкө аймактарында курулган жугуштуу оорулар ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо, өзгөчө аймактардагы дарыгерлерди дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо маселесине басым жасалууда.
«Кампаларда тийиштүү запастар болгону менен “кызыл зонада” иштеп жаткан дарыгерлердин колуна алар жетпей жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Аталган маселе көзөмөлгө алынган, мамлекеттин жана дарыланууга муктаж жарандардын кызыкчылыгына каршы багытталган аракеттерге чек коюлат», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.
Ссылка: https://barometr.kg/elvira-surabaldieva-zhasalma-baalardyn-ktrlshn-zhol-berbesh-kerek-srt
Добавить комментарий ×