Эльвира Сурабалдиева: Менин кызмат ордум убактылуу экенин билчүмүн

2 февраля 2021 16:08 2713 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өкмөттүн жаңы курамынын катарына кирбей калышы тууралуу билдирүү таратты. Бул тууралуу Сурабалдиеванын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

“Менин  ишиме жардам берген жана колдогондордун бардыгына, ошондой эле, аткарган жумушума сын айткандарга жана талап кылып чыйралткандарга терең ыраазычылык билдирем. Албетте, жогорку кызмат чоң жоопкерчиликти талап кылат. Муну менен кошо чоң коркунуч коштоп жүрөт. Мен оор мезгилде келгем, бул убактылуу экенин билчүмүн.  Бул алдын ала талкууланып, чечилген. Мен буга өкүнбөйм.

Эми элдерден келген каттар жана документтерди өткөрүп берип, жаным жай алып, жеңилдеп алып жумуштан кетем. Коронавирус үчүн жооптуу болуу оңой эмес. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет. 2021-жылдын 4-февралында вице-премьер-министр болгонума туура 100 күн болот. Отчётумду берем", - деп жазды Сурабалдиева.

Эске сала кетсек, бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Марипов жетектеген өкмөттүн жаңы курамы сунушталган. Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына Эльвира Сурабалдиева кирген эмес. 

Ссылка: https://barometr.kg/elvira-surabaldieva-menin-kyzmat-ordum-ubaktyluu-ekenin-bilchmn



Добавить комментарий