Эльвира Сурабалдиева менен Жанар Акаев эмнени талашууда?

1 июня 2019 15:20 4583 2 Barometr
Поделиться в:
ok

КСДП фракциясынын эки депутаты Эльвира Сурабалдиева менен  Жанар Акаев соцтармактар аркылуу кайым айтышып кетиши. Ага себеп Эльвира Сурабалдиеванын «Азаттыктын» Раим Матраимов тууралуу иликтөөсүнө байланыштуу эркек депутаттарга карата парламентте айткан сын пикири себеп болгондой.

«Мен 4 жылдан бери эле коррупция, саясий камоолор боюнча туруктуу бир позицияда келе жатам. Бир базарчы коллегам финполдун замына   суроо берип, мактанат. Камоолор, соттошууларда кайда элең деген киши жок. Майда чиновниктерге асылбай, системага тийишсең деп койсом таарынып калыптыр»,-деп жазды депутат Жанар Акаев Твиттердеги баракчасына.

Анын мындай пикирине Эльвира Сурабалдиева: “Орозо маалында ачууга салбайын, бүгүн Кадыр түн экен. Кечээ мен катуураак сүйлөп койсом Жанар Акаев иним намыстанып кетсе керек.

Атамды 2005-жылы атып кеткенде, мен 26 жаштагы үйдүн тун кызы катары, үй-бүлөлүк бизнести башкарууну аргасыз мойнума илдим.

Кантсе да базарда иштегендерди киши катары санабай, алардын жумушун мазактагандык эл өкүлү үчүн туура эмес - алар да биздин жарандар. Миңдеген эмес, жүз миңдеген кыргызстандыктар Совет бийлиги таркаганда, айласыздан базарларга чыгышып, арасында мугалимдерди, доктурларды, илимий адамдарды, журналисттерди да тааныймын, тынч оокатын кылып келе жатышат. Кайнаган ысыкта да, чыркыраган суукта да темир контейнерде ден соолуктан ажырап, байып тапкан акчаларын кийин ооруканада коротушат. Мамлекетке жалдырабай, 30 жылдан бери жакындарын багып жүргөнүнө деги ыраазычылык.

Бетиме айтпай, интернеттен эрдик кылып жүргөн жаш иниме эскертүү - заман оомал-төкмөл болот, бийлик жана байлык бул чоң сыноо, көтөрө билиш керек.

Финполдун замына Раим Матраимов жөнүндөгү “Азаттыктын” иликтөөсү тууралуу мен эмес, ошол жердин аркасы менен парламентке келген Жанар иним суроо берсе аябай жарашмак...

Баардыгы сатылат дегендердин убагы да кетет, абийир менен намысты бекем кармаган эркектер, эл өкүлдөрүнө калкыбыз муктаж болгон заманда - кашыктап чогулткан абройду, чөмүчтөп төкпөйлү. Ата-бабаларыбыздын арбактары да, келечек муундар да бизди кечирбейт”, - деп жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин да Эльвира Сурабалдиева өз баракчасы аркылуу табышмак катып: «Жаш коллегама чалып, бир да эркек депутат Матраимов тууралуу маселени көтөрбөй жатасыңар десем «эми сиз турасыз го» деп тамашалады» . барын түшүнүп эле турат. Бирок тойго барган элдин бары эле билет. Болгону мамилени үзгүсү келбей жатат. Айткылачы, бул депутат ким?»,-деп суроо узаткан. 

Бул суроого социармакта «Жаран Акаев» деп жооп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/elvira-surabaldieva-menen-zhanar-akaev-emneni-talashuuda



Добавить комментарий

  • Бизге окшогон жүз миңдеген базарчылар адам эмеспи? Кыргыздар «Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт» деген сөздү бийик тутушкан.
  • Бизге окшогон жүз миңдеген базарчылар адам эмеспи? Кыргыздар «Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт» деген сөздү бийик тутушкан.