Элнура Мамбетжунушева Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Мамлекеттик бажы кызматында жаңы дайындоо болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды. Башка буйрук менен Торутаев Алтынбек Элимович Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек Садыр Жапаровдун премьер-министр кызматына толук кандуу дайындалышы бүгүн парламентин жыйынында каралат.
Ссылка: https://barometr.kg/elnura-mambetzhunusheva-mamlekettik-bazhy-kyzmatynyn-tragasy-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×