Элнура Алканова тергөөчулөргө иш козголушун талап кылды

27 июль 2018 21:45 2833 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрү журналист Элнура Алканованын ишин тергөөдө ыйгарым укуктарынан пайдаланган эмес деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда Каржы полициясынын тергөөчулөрүнүн ишинде кылмыштын белгилери болбогону менен талаптарын одоно бузушкан.

"Элнура Алканованын өндүрүштөн кыскартылган кылмыш ишинин материалдары каралды. Жыйынтыгында каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбеков кылмыш ишти тергөөдө кызмат абалынан ашкере пайдаланбагандыгы аныкталды. Болгону тергөөчулөр иштин жагдайларын ар тараптан изилдеген эмес. Алар Жазык-кодексинин 19-беренесинин талаптарын одоно турдө бузушкан. Бул боюнча тергөөчүлөрдү катуу тартиптик жазага тартуу жөнүндө сунуш берилген"-деп билдиришти.

Ал эми журналист Элнура Алканова бул иш боюнча мындай дейт:

"Башкы прокуратура менин жазган арызымды карап Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбековго сөгүш жарыялансын деген сунуш жиберишкен. Мен бул чечимге макул болбойм, тергөөчулөргө иш козголушу керек деп кайра арыз менен кайрылгам.Ошондой эле Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен жолуккам. Ал бул ишти өз көзөмөлүнө аларын билдирди. Мен азыр Башкы прокуратуранын жообун күтүп жатам, андан кийин гана кийинки кадамдарга барууну ойлоном. Менде Каржы полициясынын тергөөчүсүнүн мени менен болгон сүйлөшүүсү бар. Эгер аларга чара көрүлбөсө, анда аны жарыялоого аргасыз болом".

Ал эми Каржы полициясы менен байланышып, бул ишти тактоого мүмкүндүк болгон жок. 

Өткөн жылы мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал жер мрунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылгандыгы айтылган. Бул иш боюнча иликтеген журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иш бар экенин, буга Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган.

2017-жылы декабрда иш козголуп, журналист бул ишке күбө катары суралып келген. 2018-жылдын 13-февралында 193-берене (коммерциялык жана банктык жашыруун ырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу) 194-берене (коммерциялык жана банктык срды мыйзамсыз таратуу) менен айып коюлуп, кылмыш иши Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Ушул жылдын 27-апрелинде журналистке карата козголгон иште эч кандай кылмыштын курамы жок экени аныкталып, токтотулган. 

Мындан соң, Каржы полициясынын тергөөчүлөрү ага карата негизсиз кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан пайдаланган деп чара көрүү өтунүчү менен Башкы прократурага арыз жазган.  

Ссылка: https://barometr.kg/elnura-alkanovamende-karzhy-policiyasynyn-tergchsnn-meni-menen-bolgon-sjlshs-bar-eger-alarga-chara-krlbs-anda-any-zharyyaloogo-argasyz-bolom



Добавить комментарий