"Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фондуна жеке ишкерлер унаа белек кылышты

3 декабря 2020 12:38 1850 Barometr
Поделиться в:
ok

"Элим барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фондуна жеке ишкерлер унаа белек кылды. Бул тууралуу аталган фонддон "Барометрге" кабарлашты.

"Элим,барсыңбы?!" коомдук кайрымдуулук фонду 2008 - жылы түптөлүп, 12 жылдан бери калктын аярлуу катмары болгон жесир, жалгыз бой аялдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, жетим балдарга жана кары-картаңдарга, материалдык, моралдык жана психологиялык жактан жардам берип келет.

Белгилей кетчү жагдай, каттодо турган муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамдарын таратууда, социалдык изилдөө иштеринде унаанын жоктугунан фонд кыйналып келген.

Фонддун бул кыйынчылыгын байкаган жергиликтүү ишкерлер күтүлбөгөн жерден 2-декабрь күнү фондду "Тойота" үлгүсүндөгү ак тулпарлуу кылышты.

"Жакырчылыкты жоюуда бизге өз салымдарын кошуп, колдоп, демөөрчүлүк кылган агаларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз", - деди фонддун жетекчилиги.

Ссылка: https://barometr.kg/elim-barsy-fonduna-zheke-ishkerler-unaa-belek-kylyshty



Добавить комментарий