Депутаттар айылдардагы маданияттын абалына кейишти

23 января 2020 10:24 943 Barometr
Поделиться в:
ok

2020-жыл – аймактарды өнүктүрүү жылы. Аймактарды өнүктүрүү, элеттик калктын маданиятын көтөрүү ниетин кинотеатрларсыз элестетүү кыйын. Азыркы учурда өлкө аймагындагы кинотеатрлардын бир бөлүгү жеке менчикке сатылып кетсе, айрымдары таптакыр кароосуз калды. Өкмөт бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди. 

«Мисалы, Аравандын кинотеатры таштанды жайга айланса, Караколдун кинотеатры селсаяктардын түнөгү болуп калды. Өкмөт аларды калыбына келтирүү аракетин жасоо менен бирге, жеке менчикке сатылып кеткен же башка максатта пайдаланылып жаткан маданият жайларын кайтарып алуу чараларын да колго алышы зарыл. Ансыз аймактарды өнүктүрө албайбыз, элеттиктердин маданиятын көтөрө албайбыз», - деп кошумчалады депутат. 

Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев ордо калаадагы театрлар оңдолуп жатканын колдоо менен бирге, өкмөттүн көңүлүн аймактардагы маданият жайлар менен китепканаларды оңдоо маселесине бурду.

 «Аймактардагы жергиликтүү театрлар кароосуз калды. Алардын имараттарын жөн эле оңдобостон, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарыл», - деди Бекешев.

 

Ссылка: https://barometr.kg/elet-zherinde-madaniyatty-ktr-zaryl



Добавить комментарий