Электргипер сезгичтик жыйырма биринчи кылымдын чумасы деп таанылды
Электргипер сезгичтик жыйырма биринчи кылымдын чумасы деп таанылды. Өнүкөн өлкөлөрдө мобилдик телефондордон чыккан электро талаалар, радио толкундар адамдын ден соолугуна аябагандай терс таасирин тийгизгенин Канадалык изилдөөчүлөр тастыкташты. Өз каалоосу менен катышкан адамдардын 40% и уктаганда жаздыкта калып калган телефондордон, эртең менен кыйналып калган абалда ойгонушкан. Алардын белгилери баш ооруу, көңүл айнуу, жүрөгү кысылып, өзүн жаман сезгенин айтышкан.
Бул тууралуу профессор Магда Хава 20 жылдан бери изилдеп келет. Электро толкундар бизди ушунчалык чулгап алгандыктан жакынкы жылдары оор акыбалга алып келиши мумкүн деди. Электро толкундардын зыяндуулугун изилдегенде ал кандын клеткаларын юузат деп жыйынтыкташты.
Көп убакытка уюлдук телефон менен сүйлөшкөн адамдын мээси ысып чыгат, мээ органына абдан таасир берет. Эл аралык Инторфен агентствосунун рак оорусун изилдөөчү бөлүмү билдиргендей уюлдук телефондун зыяндуулугунун артында - глиома оорусу көп кездешип жатканын белгилешти. Глиома оорусу коркунучтуу мээнин рак ооруусу.
Японияда жаш балдарга 9 жашка чейин колдонууга чектөө койушууда. Америкада атайын прибор менен изилдегенде бир күндө 1 саат телефон суйлөшкөн адам, зыяндуу шартта иштеген адамдын абалы менен тең эле акыбалга келген. Андан тышкары көз органы абдан жапа чегет. Караңгыда күйүп турган телефоду карап туруп өчүрүп койсоңуз, козүнүзгө жаркыраган точкалар көпкө чейин кетпей туруп алат. Бул көзгө кадимкидей терс таасирин белгиси.
Электро талаалар, электро толкундар организмдеги эң баалуу ДНК түзүлүшүн бузууда. Уйку тынч болуш үчүн жарым саат баардык электрондук приборлорду өчүрүп жатыш керек.
Ссылка: https://barometr.kg/elektrgiper-sezgichtik-zhyjyrma-birinchi-kylymdyn-chumasy-dep-taanyldy
Добавить комментарий ×