Электрге, ысык сууга жана жылуулукка жаңы тарифтер киргизилиши мүмкүн

14 сентября 2021 17:25 799 Barometr
Поделиться в:
ok

Биздин пландар боюнча жаңы орточо тарифтик саясат 2021-жылдын октябрь айынан баштап киргизилиши мүмкүн.Мындай пикирин бүгүн болгон басма сөз жыйынында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, документ жаздан бери талкууланып жатат. Ага оңдоолорду киргизишти жана азыр жаңы орточо тарифтик саясат президенттин аппараты менен министрлер кабинетинин аппаратында талкуудан өтүүдө.   

“Эгерде документ октябрь айынын башында күчүнө кирсе, андан айдын соңунда же болбосо ноябрь айынын башында электрге, ысык сууга жана жылуулукка жаңы эсептер келет”,-деп айтты Тилек Айталиев.

Негизи электр энергиясын колдонуучулар калк болгондуктан, баа ошол бойдон калтырып, ал эми жогорку тарифтер өнөр жай абоненттери үчүн гана кымбаттамакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/elektrge-ysyk-suuga-zhana-zhyluulukka-zhay-tarifter-kirgizilishi-mmkn



Добавить комментарий