"Электр станцияларынын" юристи ЖЭБдин кайсыл бөлүгүндө авария болгондугун билбейт экен

15 мая 2019 23:35 617 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 15-майда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу ишти кароо учурунда "Электр станцияларынын" юристи Руслан Мадинов айыпталуучулардын жана алардын жактоочуларынын суроолоруна жооп бере алган жок.

Сурак учурунда, жабырлануучу тараптын өкүлү болгон «ЭС» юристти жактоочулардын жөнөкөй суроолоруна да жооп бере албай турду.

Мисалы, ал  ЖЭБдин кайсыл бөлүгүндө авария болгондугун да айта албады.  

Дээрлик 45 мүнөт боюу жактоочулардын берген суроолоруна жооп бере албай турду. Юристтин даярдыксыз келгендиги айрым айыпкерлер менен жактоочулардын жинин келтирип, Сапар Исаковдун жактоочусу менен айыпкерлердин бири - Жантөрө Сатыбалдиев – юристке нааразы болушту.

Бирок, судья юристке болушуп, адамды кемсинтпөө керектигин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/elektr-stanciyalarynyn-yuristi-zhebdin-kajsyl-blgnd-avariya-bolgondugun-bilbejt-eken



Добавить комментарий