Үч-Коргон ГЭСин тез арада модернизациялоо керек

2 октября 2020 10:45 1228 Barometr
Поделиться в:
ok

Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегат эскирип, такыр жешилип калгандыктан тез арада алмаштырыш керек. Бул тууралуу «Электр станциялары» ЖЧКсынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

«Электр станциялары» ЖЧКсы Үч-Коргон ГЭСин тез арада модернизациялоо керектиги жөнүндө билдирет. Үч-курган ГЭсинин №3 гидроагрегатында профилактикалык иштерди жүргүзүп жатканда жумушчу дөӊгөлөктүн бир парасында бузук бар экендиги аныкталган. Параны калыбына келтирүүгө 2-3 жума керектелет. Азыркы учурда Үч-Коргон ГЭСинде 3 гидроагрегат иштеп турат, ал КРдин энергия тутумунун жүгүнүн белгиленген режимин камсыз кылуу үчүн жетиштүү. «Электр станциялары» ЖЧКсынын персоналы бузулган параны калыбына келтирүүгө киришти.

Бул бузулуунун негизги себеби - гидроагрегаттын эскирип, такыр жешилип калышы саналат. Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы эксплуатацияга берилгендиктен жана андан бери (дээрлик 60 жыл) модернизация жүргүзүлгөн эмес, жана гидроагрегаттар алмаштырылган эмес. Ошого байланыштуу Үч-Коргон ГЭСи реконструкциялоо жана модернизацияоо

боюнча долбоорлордун тез арада ишке ашышына муктаж болуп турат. Азыркы учурда долбоор боюнча каржылоо, консультантты жана подрядчы уюмду тандоо маселелери иштелип жатат. Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегатында оӊдоп-түзөө иштерин өз маалында жана сапаттуу жүргүзүү алдыдагы күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн:

• ГЭСтин долбоордук белгиленген кубаттуулугу 180 МВт

• Агрегаттын жалгыз кубаттуулугу 45 МВт.

Ссылка: https://barometr.kg/elektr-stanciyalary-zhchksy-ch-korgon-gesin-tez-arada-modernizaciyaloo-kerek



Добавить комментарий