“Электр станциялары” курал жана ок-дары сатып алып жатат

30 сентября 2021 15:26 1078 Barometr
Поделиться в:
ok

“Электр станциялары” ачык акционердик коому куралдарды жана ок-дарылары сатып алып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянуу менен “Барометр” билдирет.   

Бул тууралуу жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.   

Аталган маалыматка караганда компания беш «Сайга-М3» карабинин, беш 12 калибрлүү “Сайга” мылтыгын, үч «Иж-71» тапанчасын жана алардын огун сатып алмакчы. Буга 921 миң 424 сом сарптайт.

“Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматынан куралдар менен ок-дарылар объектерди коргоо үчүн алынып жатканын маалымдашты.

“Биздин баардык объектилер- ГЭС жана ТЭС стратегиялык болуп эсептелет. Аларда мамлекеттик дагы, ведомстволук дагы куралдуу күзөтчүлөр турат. Дал ушул куралдуу күзөтчүлөргө курал сатып алып жатабыз”,-деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/elektr-stanciyalary-kural-zhana-ok-dary-satyp-alyp-zhatat



Добавить комментарий