Электр энергиясын үнөмдөөнүн эч кимге айтылбаган сырлары

27 января 2022 10:17 5685 Barometr
Поделиться в:
ok

Электр энергиясына айдын соңунда эсеп чыгып келгенде анын асмандап кеткен баасына тынчыңыз кетсе анда barometr.kgдин төмөнкү кеңештерин эске алып коюңуз. Бул аз да болсо энергияны үнөмдөөгө өбөлгө болот.

Кондиционерлер жана жылыткычтардан үнөмдөө 

Адам кайда жашабасын ал кондиционерлер жана жылыткычтарды колдонот. Бул приборлорду колдонуудаэ электр энергиясынын эсеби геометриялык прогрессия менен өсөрү анык. Аны аз да болсо кантип үнөмдөөгө болот? Биринчи эле жообу тазалыкты сактаңыз жана жакшы желдетиңиз. Желдетүүчү тешикти ачык жана таза абалда кармаган оң. Көпчүлүк ал тургай үйдө аба агымдарынын бүтүндөй бир системасы иштей турганын билбейт. Желдетүүчү тешикке чаң толбогонуна көңүл буруңуз.

Экинчиден абанын эркин айланышына тоскоолук жаратпаңыз. Эгерде жылыткыч менен кондиционердин маңдайында чоң диван, китеп текчеси турса бул алардын иштөө натыйжасын эки эсеге төмөндөтөт жана албетте электр энергиясын көп коротот.

Кир жуучу машинадан үнөмдөө

Кир жуугандын өзү түмөн түйшүк жаратат, ага электр энергиясына чыгып келе турган чоң сумманы кошкондо ого бетер начар көрүнүшкө туш болосуз. Бирок кир жуучу машинадан дагы электрди үнөмдөсө болот экен. Бул үчүн кир жуучу температураны төмөндөтүү кажет. LG Electronics компаниясы бир аз мурда изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Кир жууп жатканда 90 пайыз электр энергиясы суунун ысытууга жана кийим кургатууга керектелет экен. Эгер муздагыраак сууга жуусаңыз жана кургатуучу бөлүгүн колдонбосоңуз анда электрди экономдогон болосуз.Ошондой эле кир кургаткыч жерге көп эле жуулган кир салбоо керек. Анын болгону 75 пайызында гана жуулган кир болгону талапкы ылайык. 

Идиш аяк жууган машинадан үнөмдөө

Бул жабдуу дагы кир жуугуч машинадай эле электр энергиясын көп колдонот. Анын эрежелери дагы жогорудагыдай температураны азайтып жана машинага көп кир идиш салбоо кажет. Мындан тышкары идиш-аяк жууй турган каражаттын күчтүүсү аны жууй турган убакытты кыскартат.

Тарелкаларды түбүнө, ал эми тереңирээк мискейлерди үстүнө жайгаштырсаңыз суу туура агып жуулат.

Ссылка: https://barometr.kg/elektr-energiyasyn-nmdnn-ech-kimge-ajtylbagan-syrlary



Добавить комментарий