Элдин тилеги кабыл болду. 7 миллионунчу наристе Баткенде төрөлдү

19 октября 2022 16:45 1822 Barometr
Поделиться в:
ok

Жети миллионунчу кыргызстандык Баткен  облусунда төрөлдү. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Өлкөдө жети миллионунчу кыргызстандык жарык дүйнөгө келди.

Ымыркай Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда төрөлгөндүгү маалым болду.

Статкомдун баалоосу боюнча, 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

Ссылка: https://barometr.kg/eldin-tilegi-kabyl-boldu-7-millionunchu-nariste-batkenden-zharyk-djng-keldi



Добавить комментарий