“Элдик парламенттин” лидери Бекболот Талгарбеков эркиндикке чыкты
“Элдик парламент” биримдигинин лидери, экс- вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Barometr.kgге Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кабарлашты.
Талгарбекова кечээ, 7-мартта саат 22:00дө өзү жаза өтөп жаткан № 27 түзөтүү абагынан эркиндикке чыгарылды.
Белгилүү болгондой, Жогорку Соттун 2019-жылдын 6-февралындагы чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августта чыккан өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 13-ноябрында чыккан өкүмү өзгөртүлдү.
Талгарбековго бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу тууралуу айып тагылган, анын кылмыш курамындагы аракети болбогондуктан акталды. Бирок Биринчи май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун “улуттар аралык чатакты козутуу” беренеси боюнча чыгарылган беш жылга абакка кесүү өкүмү күчүндө калды.
Ошентип Талгарбековдун 14 жылдын абак мөөнөтү 5 жылга чейин кыскартылды жана ал шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду.
Эскерте кетсек, “Элдик парламент” оппозициялык бирикмесинин жетекчилерине карата Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети тарабынан 2016-жылдын май айында кылмыш иши козголгон. Бекболот Талгарбеков, Торобай Колубаев жана башкалар “бийликти күч менен басып алууга даярдануу” беренеси менен айыпталышкан.
Талгарбеков 14 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кесилген эле.
Ссылка: https://barometr.kg/eldik-parlamenttin-lideri-bekbolot-talgarbekov-erkindikke-chykty
Добавить комментарий ×