Элдик медицина: сөөлдү кетире турган рецептер

11 января 2022 12:25 2582 Barometr
Поделиться в:
ok

Көпчүлүк адамдар үчүн сөөл салттуу медицинанын алы жетпеген кыйынчылык пайда кылган оору болуп саналат.Баардыгы тең эле аны хирургиялык жол менен алдырып салууга умтула бербейт.  

Бирок теридеги жагымсыз өсүндүлөрдөн элдик каражаттардын жардамы менен да арылууга болот. Ар бир адамдын организми уникалдуу, бирөөгө жаккан дары башка бирөөгө толук жакпай ал тургай ооруну күчөтүп жибериши ыктымал. Төмөндө сөөлдү кетирүүнүн бир нече салттуу эмес медицинадагы ыкмаларын сунуштайбыз. 

Эскертүү, аны жасардан мурда эң алгач дарыгердин кеңешин да эске алыңыз! Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет 

1. Чистотел. Бул өсүмдүктү жаңы кесинде алып ширесин сөөл чыккан жерге басуу керек. Аны бир жума эки маал кайталап туруу кажет. Эгерде натыйжа бергени байкалбаса башка дарылоо ыкмасына өткөн жакшы.  

2. Сарымсак. Бул өсүмдүк ар бир кожойкенин ашканасынан табылат. Ыкма эң жөнөкөй бир апта бою сөөлдү күнүгө эки ирет сарымсак менен сүртүп туруу кажет. Сөөл кичирейгени байкалса ал таптакыр жоголгончо сүртсө болот. Бирок натыйжа бергени байкалбаса анда аны колдонууну токтотуу керек.    

3. Магнезий порошогу. Бул каражатты кайсы гана дарыканадан болбосун сатып алууга болот. Аны бычактын учундай өлчөмдө күнүгө тамактанар алдында колдонуу керек.  

4. Муз. Музду алып бинтке таңып сөөлгө басат. Тери канча чыдаса ошончо убакыт баскан дурус, бул ыкманы бир нече ирет жасагандан кийин сөөлдү жоготкон учурлар болот.    

Бул ыкмаларды чоң апалар, чоң аталар колдонуп келген, дарыланыңыз жана ар дайым ден соолукта болуңуз! Дарыгердин кеңешин алганды да унутпаңыз!

 

Ссылка: https://barometr.kg/eldik-medicina-sld-ketire-turgan-recepter



Добавить комментарий